
About
Салам! Бул Токой тили подкастынын биринчи эпизоду. Сиздер менен Гулназ Камбарали кызы. Подкастта биз токойдун тилинде токой жөнүндө сүйлөшөбүз!
Жаз - биздин токойдун жаңы жаралган мезгили: бак-дарактар жана бадалдар жаш жалбырактарга ээ болуп, аба гүлдөгөн бадам, өрүк, алма бактарынын жытына толуп, жер астынан уламдан-улам жаңы чөптөр чыгып жаткан керемет мезгил. Бирок мунун баарына жашыл жана сулуулукка дароо кам көрүү жана көңүл бурууну талап кылат. Токойдо жазгы талаа иштери башталат.
Бүгүн менин коногум Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору Батырбек Уметов жана ижарачыБарпы Мирзакулов алар менен токойду кыштан кийин калыбына келтирүү үчүн азыртан кантип кам көрүү керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.